• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Экс-премьер Жантөрө Сатыбалдиев ТЭЦти модернизация боюнча үн катты «Видео»

15 Жалган куран 2018 12:09 Бишкек Govori.TV

Бишкек.15.03.2018.Govori.TV

Мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо үчүн Кытай менен түзүлгөн макулдашуу тууралуу комментарий берди. Ошондой эле Сатыбалдиев депутаттык комиссия телефон чалса эле бара калбасын айтты

— «ТЭЦтеги жагдайды иликтөө боюнча депутаттык комиссия иштеп жатат. Маалымат каражаттарынан көрүп, окуп жатам. Көп алешемдиктер болгоунун айтып, чубап чыгышууда. Мурдагы Өкмөт башчыдан тарта, баарын чакырып, маалымат алуу керек деп да чыгышты. Чакырышсын, качпайм.  Бирок, чакыруунун да процедурасы бар. Телефон чалып, келсин десе эле жетип барбайт бул жактагы киши. Чакырчулардын тизмесин тактап, чечим кабыл алып чакырыш керек. Эреже-тартип да ушундай»,-деди Сатыбалдиев.

Бишкек ЖЭБди модернизациялоого келишимге кол коюлуп жатканда өкмөттү Жантөрө Сатыбалдиев жетектеп турган. Жогорку Кеңеште түзүлгөн депутаттык комиссия экс-премьерди комиссия жыйынына чакырганы, бирок Сатыбалдиев келбей жатканы айтылган.

Эскерте кетсек, Депутат Сайдулла Нышанов 13-мартта экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге кат жүзүндө комиссияга чакыруу жиберүүнү сунуш кылды.

«Эгер ал келбесе, азыркы премьерге күч менен алып келүүнү тапшырышыбыз керек»,- деди Нышанов.

Келишимде маселелерди Сатыбалдиев чечкен, суроолор бар деди Нышанов.

Депутат Мыктыбек Абдылдаев ошол мезгилдеги тышкы иштер министри, өкмөт аппаратынын юридикалык бөлүм башчыларын да чакырууну сунуш кылды.

Бишкек ЖЭБди модернизациялоого келишимге кол коюлуп жатканда өкмөттү Жантөрө Сатыбалдиев жетектеп турган. Жогорку Кеңеште түзүлгөн депутаттык комиссия экс-премьерди комиссия жыйынына чакырганы, бирок Сатыбалдиев келбей жатканы айтылган.

 

Количество просмотров: 40