• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Сауд Араб өлкөсү Кыргызстанга 500 миң долларлык меджабдууларды берет

18 Жалган куран 2021 15:15 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-мартта Сауд Араб өлкөсүнүн Кыргызстандагы элчиси Абдурахман бин Саид Аль-Жуманы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн аяктап жаткандыгына байланыштуу кабыл алды.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, президент элчи менен мамлекеттер аралык кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде соода-экономика жана транспорт боюнча баарлашты.

Мамлекет башчысы кыргыз-сауд соода-экономикалык мамилелерин өнүктүрүү маселесине токтолду. Белгилүү болгондой, бул багытты өнүктүрүүгө, соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө мамлекетттер аралык аба каттамдын жоктугу тоскоолдук жаратып келет. Буга байланыштуу Садыр Жапаров Кыргызстан-Саудия түз аба каттамын ачууну сунуштады. Ошондой эле Сауд Араб өлкөсүн маанилүү инвестициялык долбоорлордо өнөктөш болууга чакырды.

Садыр Жапаров Абдурахман бин Саид Аль-Жуманы эки өлкөнүн ортосундагы достуктун жана кызматташтыктын бекемделишине кошкон зор салымы үчүн «Данакер» ордени менен сыйлады.

Элчи Абдурахман бин Саид Аль-Жума мамлекеттер аралык түз аба каттамдарын ачуу маселесин колдоорун айтып, ошондой эле жакынкы аралыкта Кыргыз Өкмөтүнө жардам катары болжол менен 500 миң долларлык медициналык жабдууларды өткөрүп берерин билдирди. Ошондой эле Сауд Араб Королу Салман бин Абдул-Азиз Аль-Сауддун жана мураскер ханзаада Мухаммед бин Салман Аль-Сауддун саламын жеткирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жакынкы мезгилде Сауд Араб өлкөсүндө эки мамлекеттин бизнес коомчулугунун өкүлдөрүнүн катышуусунда бизнес-форумун жана бизнес жарманкесин өткөрүү жөнүндө макулдашты.

Количество просмотров: 161