• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Сауд Арабия падышасынын жансакчысы өлтүрүлдү

30 Аяк оона 2019 10:12 Бишкек Govori.TV

Сауд Арабия өлкөсүндө падыша, генерал-майор Абдул-Азиз аль-Фагхемдин жансакчысы өлтүрүлдү. Бул тууралуу «Bloomberg» басылмасы билдирди.

Окуя кечээ, 29-сентябрда болгон. Аны досунун үйүнөн Мамду деген конок кайым айтышуунун жүрүшүндө атып салган. Маалыматтарга караганда, Мамду жаңжалдан кийин үйдөн чыгып кеткен. Бир аз убакыттан кийин ок атуучу курал менен кайтып барып имаратта болгондордун баарына ок аткан.

Анын кесепетинен падышанын жан сакчысы ооруканага жетпей каза болсо, 2 адам жаракат алды. Окуя болгон жерге полиция барганда кылмышкер багынып берүүдөн баш тарткан. Атышуудан кийин 5 полиция кызматкери дагы жабыркап, кылмышкер өлтүрүлгөн.

Количество просмотров: 518