• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Көлбаевдин жансакчыларына сот өкүмү чыкты

20 Баш оона 202413:52 Бишкек Govori.TV

УКМКнын атайын операциясынын жүрүшүндө жок кылынган криминалдык авторитет Камчы Көлбаевдин сакчыларына карата өкүм чыкты. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук соту тастыктады.

Маалыматка ылайык, алар «Бийлик өкүлүнө коркутуу же зомбулук көрсөтүү» беренеси боюнча айыпталган.

Биринчи май райондук соту Б.А.С., Р.М.А., А.Р.С., К.Р.С жана Ш.Ш.Б.ны күнөөлүү деп таап, ар бирине 50 миң сомдон айып салган.

Эске сала кетсек, 2023-жылдын 4-октябрында Бишкекте атайын операциянын жүрүшүндө мыйзамдагы ууру атыккан Камчы Асанбек (Камчы Көлбаев) жок кылынган.

Андан соң Кыргызстанда бир катар ишкерлер жана аны менен байланышы бар адамдар массалык түрдө камакка алынган. Ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалган.

Количество просмотров: 111