• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Сауд Арабиясы үч жылдан кийин Катар менен чек араларын ачты

5 Үчтүн айы 2021 16:09 Бишкек Govori.TV

Сауд Арабиясы 2017-жылдын жайынан бери жабык турган Катар менен кургактыктагы, аба мейкиндигиндеги жана суудагы чек араларын кайра ачты. Бул тууралуу эки өлкөнүн ортосундагы сүйлөшүүлөргө ортомчулук кылган Кувейттин тышкы иштер министри билдирди.

Анын айтымында, Катардын эмири бүгүн Сауд Арабиясында өтө турган Перс булуңундагы өлкөлөрдүн саммитине катышат.

Саммиттин жүрүшүндө Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмираттары, Бахрейн жана Египеттин Катар менен мамилелерин оңдоо тууралуу макулдашууга кол коюлат деп күтүлүүдө. Аталган өлкөлөр 2017-жылы Катарды терроризмди колдоого жана иранчыл позициясы үчүн айыптап, дипломатиялык мамилелерин үзүшкөн.

Количество просмотров: 61