УКМК кызматкерине пара берүүгө аракет кылып жаткан учурда Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айыл аймагынын башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Савай айыл аймагынын азыркы жетекчиси К.М.К. буга чейин Жаңы-Арык айыл аймагынын башчысы болуп, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Жаңы-Арык айылынын аймагындагы жеке турак-жай куруу жана коммерциялык багыттагы жер тилкелерин адамдарга мыйзамсыз жол-жоболоштурган.
Мындан улам аталган жетекчи кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу үчүн анын пайдасына оң чечим чыгаруу максатында УКМК кызматкерине 20 миң доллар өлчөмүндө пара сунуштаган. Кармалган жаран УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.