• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Саясатчы Мадумаров 9-февралга чейин камакта калды

8 Бештин айы 2023 12:52 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 8-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровдун иши каралды.

Ишти караган судья Мирбек Сатарбек уулу. Соттук процесске ЖМК өкүлдөрү киргизилген жок.

Жактоочулардын Мадумаровду үй камагына чыгаруу өтүнүчүн сот канааттандырган жок. Саясатчы 2024-жылдын 9-февралына чейин камакта калды.

«Жогорку Кеңештеги 75 депутат аны үй камагына чыгаруу боюнча кол коюп, өтүнүч жолдошкон», — деди жактоочу Гуляна Убалиева.

Эске салсак, Мадумаров үстүбүздөгү жылдын 2-сентябрында кармалып, менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына 24-октябрга чейин камалган.

Ага кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылган.

Мадумаров 26-октябрда эртең менен УКМКнын тергөө абагынан Бишкектеги Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология жана терапия борборуна жеткирилип, кийин кайра абакка которулган.

Количество просмотров: 137