• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Саясатчы Равшан Жээнбеков абактан кайрылуу жолдоду

24 Баш оона 202111:51 Бишкек Govori.TV

Камактагы саясатчы Равшан Жээнбеков кайрылуу жолдоду. Анын колго жазылган эки барактан турган кайрылуусу соцтармакка жарыяланды.

Жээнбеков өз кайрылуусунда үй камагында жүрүп кайрадан камакк алынышы боюнча жазган.

Кайрылууну өзгөртүүсүз беребиз:

Эки жума түшүнүксүз себептер менен камерадан-камерага көчүп жүрүп, акыры өз камерама (хата) келдим окшойт, бул жерде канча отураарымды бир Кудай билет. Каалаймынбы, жокпу – бул камера эми менин убактылуу үйүм – бош, муздак, жагымсыз, бирок тааныш жана көнүмүш.

Эркиндик бульварында сейилдегеним үчүн Биринчи Майдын жалтак соту мени 4-августта кечке маал камакка алды. Ошол эле күнү 4-шаардык ооруканага алып барып, медициналык кароодон өткөрүштү. Мен дарыгерге мени эч ким сабабаганын тастыктап, денемди көрсөттүм. Андан ары түндө Бишкек шаарынын эч кандай адамдык шарты жок ИВСне алып келишти. Бир нече кишиге кенедей болгон камера, ысык, эскилиги жеткен кир төшөнчүлөр, кантала жана муздаткычтын жогунан бир саатта бузулуп кетип жаткан тамактар.

Сегизинчи күнү мени Улуттук госпиталга рентгенге тарттырууга алып барып, андан соң түз эле ТИЗО-1ге (СИЗО-1) алып келишти. ТИЗОго мени алышкан жок. Пневмониянын бары-жогун текшерүү үчүн компьютердик томографиядан да өткөрүүнү талап кылышты. Көнүмүш ордума – ТИЗОго жайгашуу үчүн КТнын акысын да өзүм төлөөгө туура келди. Биз кызыктай калкпыз негизи. Абакка да өз чөнтөгүбүздөн төлөп отурабыз.
ТИЗОдо 3 күн жалгыз камерада отурдум, ал жерде биринчи суткадан кийин эле жалгыздыкка көнүп баштайсың. Мындай учурларда сенин жакын досторуң китеп жана радио болот – “Азаттык” менен “Эхо Москвы”. Жана, албетте, саясий туткундун абактагы жашоосу тууралуу китебимдин кезектеги сериясы үчүн жазып жаткан макалаларым.

Кийинки бир нече күндөн бери катардагы камерада кудум эл аралык террорист сыяктуу темир эшик-терезенин артында, катуу керебетте, бетон пол менен дубал ичинде кароолдор менен авторитардык системанын катаал кайтаруусундамын.

Менин тагдырым авторитардык режимдин абагындагы саясий туткун тууралуу тартылган голливуд сериалы сыяктуу. Бирок, бир гана айырмасы – жаңы сюжеттери жана кезектеги сериялары жок, бир эле сериясы менен сюжети кайра-кайра кайталана бергендей. Зеригиштүү. Каршылашы менен башкача ойлонгондордон корккон ошол эле авторитардык бийлик, саясий буйрутмаларды аткарган ошол эле жалтак судья, адам чыдагыс шарттары менен ошол эле ИВС, ошол эле ТИЗО, ошол эле камералар жана “Байке, эми эмне үчүн?!” – деп жылмая тосуп алган ошол эле кароолдор.

Айтмакчы, ТИЗОдо өзгөрүүлөр бар экен. Спортзал жана чач тарач ачышыптыр. Эми чачымды ТИЗО-1дин чач тарачына кырктырам жана спортзалга барып турам.
Силерге да айтып турам.
Биз сөзсүз эркин, демократиялык жана укуктук өлкөнү курабыз!

Количество просмотров: 46