• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Саясатчыдан ырчыга чейин… «Хүррем Султан» Бишкекке келип, ким менен жолукту?

7 Аяк оона 2021 12:48 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарына «Даӊазалуу доор» телесериалы боюнча кеӊири таанылган түркиялык актриса Мерьем Узерли келген. Анын сапары Эл аралык Азия кинофестивалынын (Asian World Film Festival) телесериалдар менен байланышкан жаӊы долбоорун презентациялоо иши менен байланыштуу.

«Бул абдан кыска мөөнөттүү иш сапар. Бул акыркы сапар эмес, кийинки жолу Кыргызстандын жаратылышын, башка шаарларын көрүү үчүн жана күйөрмандарым менен жолугуу үчүн келем», — деген Узерли.

Ал эми аны менен сурөткө түшүүнүү, белегин тапшырууну каалагандардын саны көп болду. Актриса өзү Бишкектеги күйөрмандары менен жолуга албасын да билдирген. Иш-чаранын алкангында Узерлинин катышуусунда сый тамак уюштурулду.

ЖК депутаты Дастан Бекешев түрк актрисасы менен сүрөткө түшүп үлгүргөн. Бул тууралуу ал өздүк баракчасына жарыялады.

Алгач эле актрисаны аба майдандан ЖК депутаты Эмил Токтошев гүл менен тосуп алган болчу.

Ал эми кечки сый тамакка ЖК депутаты Эмил Токтошевдин жубайы Рысгүл Акимжанова да жолугушууга барган. Ал өзүнүн соцтармактагы баракчасына бир нече сүрөттөрдү жарыялап, «ар бир жолугушуудан ырахат алуу. Индиянын кинолорундагы бир тууганын таап алган эпизодду көрдүңөр беле? Ошондогу көз караш. Буюрса, ноябрда көрүшкөнчө сагынышпай туралы дедик», — деп билдирүү жазган.

Ал эми инвестиция министри Алмамбет Шыкмаматов белгилүү актриса менен кызын жолуктуруп, сүрөткө түшкөн. Ал «кызым дагы Мерьем Узерлинин фанаты», — деп билдирүү калтырган.

Эстрада ырчысы Анжелика Мерьем Узерлге өз белегин ыйгарып, сүрөткө да түшкөн. Белгилей кетсек, Анжелика түрк актрисасын кыргызстанда тартыла турчу сериалда роль жаратуу сунушун да берген болчу.

Актриса менен болгон сый тамакка кыргыз шоу-бизнес өкүлдөрү, белгилүү коомдук жана саясий ишмерлер, активисттер, маданият өкүлдөрү барышкан.

Ырчы, алып баруучу Самат Дөөлөтбаков жубайы жана кызы менен.
Ырчы Бактыгүл Бадыева жана актриса Датка-Айым Кеңешова.

Мерьем Узерлиге жолугуп өз белегин тапшыргандардын катарына жазуучу Чынгыз Айтматовдун уулу Эльдар Айтматов да кошулду. Ал актрисага китеп белек кылган.


Сүрөттөр социалдык тармактардан алынды.

Количество просмотров: 8141