БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышкан, бирдиктүү шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын шайлоо өнөктүгүн каржылоо үчүн түзүлгөн шайлоо фонддорунун каражаттары жөнүндө маалымат берди.
Мыйзам ченемдерине ылайык саясий партиялардын шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:
Мында талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын шайлоо фондунун келип түшкөн жана чыгымдалган акча каражаттарынын чектелген суммасы 300 000 000 сомдон ашуусу мүмкүн эмес.
«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык тыюу салынбаган адамдар жана уюмдар шайлоо фонддорун түзүлүшү мүмкүн.
Шайлоого 21 саясий партия катышууда.
«Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу банк мекемелеринен алынган маалыматка ылайык 2021-жылдын 10-ноябрына карата саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерине жалпы суммасы 147 509 628 сом акча каражаттары түшкөн. Шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланыштуу чыгымдарды саясий партиялардын шайлоо фонддорунын каражаттарынан жабууга 124 453 617 сом сарпталган.
Шайлоо фонддорунун каражаттары жөнүндө толук маалыматты бул жактан окуй аласыз.