• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Сегизбаев 25-мартка чейин камакта калды

27 Үчтүн айы 202118:05 Бишкек Govori.TV

УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев 25-мартка чейин УКМКнын СИЗОсунда камакта болот. Бул тууралуу анын жактоочусу Кантемир Турдалиев билдирди.

«Абдил Кеңешович өзүнүн камалышын саясий буйрутма деп эсептейт. Мен эртең шаардык сотко арыз менен кайрылам», — деди жактоочу.

Эске салсак, Абдил Сегизбаев 25-январда Башкы прокуратура менен Аскер прокуратурасынын сотко чейинки өндүрүштүк иштеринин жүрүшүндө кармалган.

Количество просмотров: 105