• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Сегизбаев Атамбаев менен жолугуп турат

17 Аяк оона 2018 10:23 Бишкек Govori.TV
Бишкек.17.09.2018.Govori.TV.

Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаев мен экс президент Алмазбек Атамбаев менен көрүшүп турарын аны менен өз ара мамилеси бар экенин айткан. “Мен Алмазбек Шаршенович менен адамгерчилик гана мамилем бар. Аны менен бар жумуш тууралуу деле сүйлөшпөйбүз. Себеби, мен азыр саясатта эмесмин”, — деген. Ошондой эле азыркы президент Сооронбай Шарипович менен дагы көрүшуп тураарын билдирген. Ал кызмат ордун өткөрүп бергенден кийин президент Сооронбай Жээнбеов менен жолукканын анда келечек тууралуу сүйлөшүүлөр болгонун ошондой эле сунуштар болгонун кошумчалаган.

Эске салсак, Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаев менен азаттык үналгысынын журналисти Али Токтакунов маектешип анда «Белизгейт» чыры, саясий куугунтуктар, ЖЭБ, эки президент менен мамилеси, азыр кайда жүргөнү тууралуу сөз болгон.

Количество просмотров: 24