• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Сегизбаев менен Жолдубаеванын тагдыры Жээнбековдун колунда

15 Бирдин айы 2018 10:14 Бишкек Govori.TV
Бишкек.15.02.2018.Govori.TV
Жогорку Кеңеш депутаты Кенжебек Бокоев коррупцияга каршы күрөш кандай өңүт алат президент Сооронбай Жээнбековдон көз каранды дейт. Акыркы жылдардагы коррупция менен күрөш сөз жүзүндө кооз айтылганы менен жыйынтык чыкпай жатканын билдирди. Ошондой эле депутат жаңы президент коррупция менен күрөштү күч органдарына жаңы жетекчилерди дайындоо менен баштайбы же мурдагы президенттин кадрлары менен уланта береби ал дагы жеке Жээнбековдон көз каранды экенин айтты.
«Сегизбаевди да Жолдубаеваны да экс-президент Атамбаев койгон. Сегизбаев менен Жолдубаева экөө тең Жээнбековдун колунда. Алмаштырам десе алмаштырат. Президентке укукту бергенден кийин чечим кабыл алыш керек. Ал чечимди кандай кабыл алат, ошого карап эл баа берет»,-деди депутат.
Эске салсак, Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинде күч түзүмдөрүн сынга алып, коррупцияга малынышканын айткан. Бирок, президенттин кескин сынын улай отставкалар парады болгон жок. Ал эми коңшу мамлекет Өзбекстанда президент Шавхат Мирзиеевдин бир облустагы жыйында атайын кызматты сына алуусунан 12 күн өтпөй өзбек атайын кызматын 23 жыл башкарган Рустам Инаятов кызматтан алынган.
Количество просмотров: 37