• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Сегизбаевдин тарапташтарын милиция кармап кетти

28 Үчтүн айы 202111:24 Бишкек Govori.TV

Президенттикке талапкер, УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин он чакты тарапташын жана аялы Айнура Сегизбаеваны Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын алдынан милиция кармап кеткени маалым болду. Бул тууралуу «Азаттыка» Сегизбаевдин тарапташтарына таянып жазды.

Камакка алынган Сегизбаевди колдоо максатында бүгүн саат тогуздан баштап бир нече адам филармониянын алдына пикетке чыгышкан. Аларды Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө алып кеткени айтылууда.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин 27-январда бөгөт чарасы Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып, сотко чейинки териштирүү үчүн 25-мартка чейин атайын кызматтын тергөө абагында кармалмай болгон.

Количество просмотров: 50