• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Сеид Атамбаев: Атабыз ден соолугу менен алышып жатат, жакынкы арада Кыргызстанга келбейт

11 Үчтүн айы 2024 10:18 Бишкек Govori.TV

Акыркы күндөрү атайын провокацияга түрткөн жана жаштарды саясий кызыкчылыкка колдонуу максатында видео, посттор жарыяланып жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Сеид Атамбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, интернет желесине тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт.

«Официалдуу түрдө айтат элем, атабыз Атамбаев Алмазбек Шаршенович бүгүнкү күнгө чейин ден соолугу менен алышып жатат, жакынкы арада Кыргызстанга келбейт. Провокацияга алдырбагыла туугандар! Мындай маалыматтарды биздин ички же сыртта жүргөн душмандар кана уюштурушу мүмкүн. Биздин мамлекетибизге туруктуулук керек. Баарыңыздарды ынтымакка чакырам!»,-деп жазды ал.

Количество просмотров: 207