• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Сел: Баткен районун эки айылында өзгөчө кырдаал режими киргизилди

8 Теке 2021 13:14 Бишкек Govori.TV

Жаандан улам Баткен районундагы Газ жана Согмент айылдарында сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ондогон үйдүн короосун суу каптаганын, көпүрөлөр бузулуп, жаан айрым жолдорду, эгин талааларын жууп кеткенин, кум-шагылга толуп калганын билдирди.

Маалыматка ылайык, 6-июль жааган жаандын кесепетинен суунун денгээли көтөрүлүп, Баткен районунун Согмент, Газ жана Кара-Булак айылындарында турак үйдүн короолоруна сел суулары каптаган. Ошондой эле 2 көпүрө бузулуп, кетке 3 гектар эгин талаасын сел суулары каптаган. Сай боюнда жайгашкан 47 турак үйгө кооптуу абалга келип, анын ичинен 6 турак үйдүн ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, убактылуу коопсуз тилкеге көчүрүү жагы жергиликтүү бийликке сунушталды.

«Бүгүн селдин кесепеттерин жоюу үчүн жерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 15 куткаруучу, жергиликтүү тургундар тартылган. Акимдин буйругу менен Газ жана Согмент айылдарына “Өзгөчө кырдаал” режими киргизилди»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 324