• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Сел: Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолу бир тараптуу ачылды

6 Бугу 202213:37 Бишкек Govori.TV

Селден улам жабылган Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолу бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-май күнү саат 21:30дар чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон сел жүрүп, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-54-чакырымын каптаган. Буга байланыштуу каттам жабылган.

Жүргүзүлгөн тазалоо иштеринин натыйжасында унаа жолу бир тараптуу ачылды. Учурда тазалоо иштери жүрүп жатат.

Теги:
Количество просмотров: 149