• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Сел суулары бир айылды каптады

3 Кулжа 20209:13 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районунун айылдарын сел суулары каптады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-июнда саат 18:10 чамасында кыска мөөнөттө жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Кара-Суу, Табылгыты айылында турак үйлөрдүн короолорун сел суулары каптагандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

«Жерине тактоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн, КР ӨКМнин Тогуз-Торо райондук бөлүмүнөн ыкчам топ тартылган»,-деп айтылат маалыматта.

 Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызгидромет туруксуз аба-ырайы тууралуу шашылыш эскертүү таркаткан.

Количество просмотров: 435