Ысык-Көл облусунун Тоң районунун алдын ала маалымат боюнча, болжол менен саат 10:30да чамасында жаап өткөн жаандын кесепетинен кокту-колоттордон түшкөн сел суулары Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолунун 113-чакырымын каптап, айланма жолго убактылуу каттам үчүн салынган темир бетон шакекчелерди жууп кеткен.
ӨКМ билдиргендей, жол каттамы убактылуу жабык. Жерине Тоң райондук №38 ӨКБдан ыкчам топ жана «Арек-Строй» жол куруучу компаниясынын техникалары тартылган. Кошумча маалымат берилет.