• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Селден улам бир нече мектеп онлайн окууга өттү

5 Аяк оона 202414:52 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусу боюнча 5 мектеп соңку жаан-чачындан кийинки селдин кесепеттерин жоюу жана оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу аралыктан окутууга өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Алар:

  • Тоң районунун Бөкөнбаев айылындагы Ж.Алтымышбаев атындагы жалпы орто билим берүү мектеби 16-сентябрга чейин;
  • Ак-Суу районунун Черик айылындагы Т.Мамбетакунов атындагы толук эмес орто мектеби 20-сентябрга чейин;
  • Жети-Өгүз районунун Ак-Терек айылындагы Жунуш уулу Жапар атындагы жалпы орто билим берүү мектеби 15-сентябрга чейин;
  • Жети-Өгүз районунун Кабак айылындагы Ж.Аманбаев атындагы орто мектеби;
  • Ысык-Көл районунун Темировка айылындагы Э.Керимгазиев атындагы №1 орто мектеби аралыктан окутууга өткөрүлдү.

Мындан тышкары, төмөнкү мектертерде оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатканына байланыштуу окуучулар онлайн окутулат:

  • Бишкек шаарындагы №60 жалпы орто билим берүү мектеби;
  • Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылындагы А.Арыстанов атындагы орто мектебинин 5-11-класстары;
  • Талас шаарындагы К.Дарданов атындагы №3 орто мектебинин 2-11-класстары жана №5 орто мектебинин 5-11-класстары;
  • Талас облусунун Айтматов районунун Бейшеке айылындагы Т.Айтманбетов атындагы орто мектеби.
Количество просмотров: 234