• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Селден улам Токмок – Шамшы – Туюк унаа жолу жабылды

11 Теке 202415:29 Бишкек Govori.TV

Чүй облусундагы Токмок – Шамшы – Туюк унаа жолунун 21-30-чакырымдар аралыгында селдин кесепеттерин жоюу жумуштары жүрүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, жеринде “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын №34 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жана атайын техникалар иштеп жатышат. Бүгүн кечке дейре каттамды ачуу аракети көрүлүүдө.

Белгилей кетсек, түнү менен нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Токмок – Шамшы – Туюк унаа жолунда сел жүрүп, жол убактылуу жабылган.

“Учурда тазалоо, кеңейтүү иштери менен катар жолдун суу жеп кеткен жерлери жана көлөмү такталууда. Тиешелүү өкүлдөр менен биргеликте жүргүзүлүүдө”, — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 191