• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Сенатор Менендес Бишкекке санкциялык чектөөнү бузбоону эскертти

9 Баш оона 2023 15:11 Бишкек Govori.TV

АКШнын Сенатындагы Эл аралык мамилелер комитетинин башчысы Боб Менендес санкциялык чектөөлөр бузулган жагдайга байланыштуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылды.

Ал анда Бишкекти Москвага Батыш салган санкциядан буйтап өтүүгө жардамдашпоого чакырды. Бул тууралуу «Азаттык» «Америка үнү» (Voice of America — ред.) сайтына шилтеме кылуу менен жазды.

Сенатордун Жапаровго жолдогон катында Орусия Украинага каршы согуш ачкандан кийин Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда импорттук-экспорттук операциялар болуп көрбөгөндөй көбөйгөнүн белгилеген. Анда коргонуу багытындагы, анын ичинен дрон, учактын жана курал-жарактын тетиктери, ошондой эле микросхемалар өңдүү тыюу салынган буюм-тайымдарды Орусияга мыйзамсыз импорттоо жагынан Кыргызстан ага шерик болуп жатканын эскерткен.

“Сиздин өкмөтүңүздү ушундай санкциялык чектөөлөрдүн бузулушу тууралуу айыптоолорду чукул иликтөөгө, өлкөңүз аркылуу товарлардын мыйзамсыз өтүшүнүн алдын алган ишенимдүү жол-жоболорду орнотууга чакырам”, — деп жазылган катта.

Менендес «Кыргызстандын Орусияга салынган эл аралык санкциялар боюнча эрежелерди сактай албаганы — демократиядан жана адам укугун сактоодон чегинип жатканынын белгиси» деген кооптонуусун билдирди.

Сенатор азыркы өкмөт «журналисттердин жана эркин медиалардын укугун бир канча жолу бузуп, укук коргоочуларды жана жарандык коомду чектегенин» белгилеген.

«Бир кезде Борбор Азиядагы демократиянын көрсөткүчү болгон Кыргыз Республикасы автократиянын кооптуу жолуна түштү. Мен көз карандысыз бардык медиаларга коюлган чектөөлөрдү алып, абакта жаткандарды бошотуп, эркин чогулуу укугуна коюлган чектөөлөрдү жокко чыгарууга чакырам», — деген Менендес.

Количество просмотров: 64