Сентябрь айында абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору маалымат таратты. Ошол эле учурда өлкөнүн айрым райондорунда жаан-чачын көп жаайт.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 19…21° жылуу, тоо этектериндеги райондордо 14…16° жылуу болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 8…13° жылуулуктан 14…19º жылуулукка чейин, күндүз 21…26° жылуулуктан 29…34° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн 3…8° жылуулуктан 9…14º жылуулукка чейин, күндүз 16…21° жылуулуктан 24…29° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, Чүй өрөөнүндө 17…19°, тоо этектеринде жана Кемин өрөөнүндө 11…13° жылуу болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 5…10º жылуулуктан 12…17º жылуулукка чейин, күндүз 18…23° жылуулуктан 27…32° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт, кээ бир күндөрү абанын температурасы түнкүсүн 2…7° жылуулукка чейин, күндүз 12…17° жылуулукка чейин төмөндөшү мүмкүн.
Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн 3…8° жылуулуктун тегерегинде болуп, күндүз 12…17° жылуулуктан 23…28° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болушу күтүлөт (Чүй өрөөнүндө 15-22 мм, тоо этектеринде 19-32 мм).
Талас облусунун дыйканчылык аймактарында
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 14…16° жылуу болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 3…8° жылуулуктун тегерегинде болуп, күндүз 17…22° жылуулуктан 25…30° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт, кээ бир күндөрү абанын күндүзгү температурасы 11…16° жылуулукка чейин төмөндөшү мүмкүн.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (11-14 мм).
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт, тоо этектериндеги райондордо нормадан арбын болушу күтүлөт (өрөөндөрдө 7-13 мм, тоо этектериндеги райондордо 11-34 мм).
Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 13…15° жылуу болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 5…10° жылуулуктун тегерегинде болуп, күндүз 13…18° жылуулуктан 20…25° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Айдын аягында абанын температурасы түнкүсүн 1…6°, күндүз 8…13° жылуулукка чейин төмөндөшү күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында нормадан арбын болушу күтүлөт (11-33 мм, чыгышында 39-57 мм).
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 12…14° жылуу болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 3…8° жылуулуктун тегерегинде болуп, айдын экинчи жарымында кээ бир түндөрдө -1…-3°ка чейин үшүк жүрүшү мүмкүн. Күндүз 15…20° жылуулуктан 21…26° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу, айдын экинчи жарымында кээ бир күндөрү 9…14° жылуулукка чейин төмөндөшү күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болушу күтүлөт (7-15 мм).