• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Сентябрга чейин транспорт, кыймылсыз мүлк жана жер салыктарын төлөө зарыл

5 Баш оона 2020 12:41 Бишкек Govori.TV

2020-жылдын 1-сентябрына чейин транспорт салыгын, 2-сентябрга чейин – турак үй, батир (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган) жана жер салыгын (короо-жай жанындагы, бактуу-чарба жер участоктору) төлөө зарылдыгын Мамлекеттик салык кызматы эскертет.

Жарандар салык органына барбастан өзү үчүн ыңгайлуу салыктын төлөө ыкмасын тандап ала алышат. Салыктарды бардык банктардын кассаларынан, почта бөлүмүнөн, ошондой эле терминал жана POS-терминалдар, мобилдик жана интернет банкинг, төлөм карталары аркылуу төлөөгө болот.

Кеңири маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 1240 номери же www.sti.gov.kg сайты аркылуу алууга болот.

Количество просмотров: 111