• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Сергей Вакунов: Россияда жүргөн мигранттар мыйзамдарды сактаса, эч кандай көйгөй жаралбайт

25 Жетинин айы 202416:41 Бишкек Govori.TV

Россиянын аймагында эмгектенип жүргөн Кыргызстандык жарандар мыйзамдарды так сактаса, эч кандай кыйынчылык жаралбайт. Бул тууралуу Россия Федерациясынын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Сергей Вакунов бүгүн, 25-ноябрда журналисттер менен болгон жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, мигранттар маселеси боюнча аракеттер жана жоопкерчиликтер эки өлкөдө тең болушу керек.

«Анткени бул маселе Кыргызстан үчүн да, Орусия үчүн да абдан татаал жана маанилүү. Россияда иштеп жүргөн эмгек мигранттары жыл сайын Кыргызстанга болжол менен 2,5 миллиард доллар которушат. Бул Кыргызстандын экономикасы үчүн чоң колдоо. Ошондой эле, Россия Федерациясы үчүн да абдан маанилүү. Анткени, экономикалык өнүгүү белгилүү бир компетенттүүлүккө ээ квалификациялуу жумушчуларды тартууну талап кылат. Демек, бул эки тарапка тең пайдалуу процесс», — деди Сергей Вакунов.

Россия Федерациясында жүргөн бардык адамдар сыяктуу эле, кыргызстандык жарандар дагы чек арадан өткөндө тийешелүү текшерүүдөн өтүшөт. Бул бардык жарандар үчүн каралган бирдиктүү талап. Кыргызстанга келген Россиянын жарандары да, ушундай эле жол менен паспорттук текшерүүдөн өтүүгө милдеттүү.

Ошондой эле, Орусиянын миграциялык мыйзамдарындагы мындай жаңычылдыктар, өзгөчө Крокус Сити Холлдогу теракттан кийин зарыл болгон талап менен шартталганын белгиледи

Количество просмотров: 131