• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Сериал чуусу: ИИМ Анжеликанын билдирүүлөрүнө жооп берди

7 Тогуздун айы 2021 11:05 Бишкек Govori.TV

ИИМ ырчы Анжеликанын тасмасы КТРКнын эфиринен алынып калуусуна министр Уланбек Ниязбеков эч кандай таасир эте алмак эмес деп жооп беришти.

«Ал башын [элдин] адаштырып жатат. Биз эфирден алгыла деп таасир эте албайбыз. ИИМдин башчысынын эч кандай тиешеси жок», — деп билдиришкен министрликтен «Клооп» агенттигине.

Бирок министрликтен сериалда «чет элдик сериалдардагыдай» «так эместиктер» бар экенин, ал терс имидж жаратарын билдиришти.

«Тасмада чет элдик сериалдардагыдай милиция тууралуу ойду бурмалаган айрым учурлар бар экен. Андай учурлар болгон, алмаштыруу суранычы айтылган. Милициянын ишин бурмалаган учурлар болгон. Акыркы убактарда болуп жатпайбы, бир нерсе болсо эле полиция кызматкерлери баарына күнөөлүү дегендей. Биз жеке мындайды каалабайт элек, биздин киноматографияда дагы. Болгону өз дооматтарыбызды айттык. Бул жери мындай же тигиндей деп. Бирок бул жерде ИИМдин башчысынын эч тиешеси жок», — деп кошумчалашкан.

ИИМ милиция терс образда көрсөтүлүп калат деп чочулап жатат.

«Милициянын иш жүзүндө алып барган аракеттери менен эч кандай байланышы жок айрым бир терс медиа образдар чочулатпай коё албайт», — дешти ИИМден.

Эске салсак, буга чейин ырчы Анжелика инстаграм барагы аркылуу президент Садыр Жапаровго кайрылып, өлкө башчысы өзү дайындаган ИИМдин башчысы Улан Ниязбековдун үстүнөн даттанган.

Анжелика 24 сериялуу милиционерлер тууралуу фильм тартылып, анда өзү да роль жаратканын, фильм КТРКдан көрсөтүлүшү керек болгонун айтып берген. Сериал алдын ала ИИМдин башчысы Ниязбековго көрсөтүлгөн. Ал тасмага министрликтин оңдолгон жаңы имаратын кошууну суранган. Бирок талабына жок деген жооп алгандан кийин телеканалга таасир этип, сериал көрсөтүлбөй калганы айтылат.

«Жаңы имараттарды кошкула деген сөз болгон. Азыр имараттарды сериалга кошуу үчүн канчалаган техника керектелет? Чыгымын ким төлөйт? Мен өз чөнтөгүмөн 30,000 доллар акча сарптадым…Эми болсо эфирлерден социалдык маанилүү сериалдар менен тасмаларды алып жатышат. Чындыкты айтса болбойбу?» — деп нааразы болгон ырчы.

Количество просмотров: 8556