Ички иштер министрлиги тарабынан Шайырбек Ташиев «Кыргызнефтегаз» ишканасындагы коррупциялык схема боюнча кармалды. Бул тууралуу ИИМ тараткан маалыматта айтылат.
«Тергөөдө нефти ортомчу компаниялар аркылуу берилип, кийин «Кыргыз Петролеум Компани» мамлекеттик ишканасына кайра сатылып, мыйзамсыз киреше алынганы аныкталган.
Алдын ала эсеп боюнча мамлекетке келтирилген зыян 4,1 млрд сомдон ашат.
Мамлекетке келтирилген зыян толук көлөмдө Шайырбек Ташиев тарабынан өндүрүлүшү тийиш»,-деп жазылат маалыматта.
Тергөө иштери уланууда.