• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Экс-депутат Шаирбек Ташиев кармалды

1 Чын куран 202611:15 Бишкек Govori.TV

ИИМ Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шаирбек Ташиев кармалганын билдирди.

Маалыматка ылайык, ал «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомундагы коррупция иши боюнча кармалган.

Ташиев убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Экс-депутат буга чейин бир нече ирет ИИМде күбө катары сурак бергени маалымдалган болчу.

 УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тууганы Шаирбек Ташиев 14-мартта депутаттык мандатын «саясий стабилдүүлүктү сактоо үчүн» тапшырганын жарыялаган эле.

Количество просмотров: 235