• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жапаров абактагы Шаирбек Ташиевдин иши боюнча эмне дейт?

27 Чын куран 202612:36 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Kaktus.media сайтына маек куруп, анда акыркы окуялар тууралуу бир катар суроолорго жооп берген.

Маегинде президент журналисттин, «Жогорку Кеңештин экс-депутаты, УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тууганы Шаирбек Ташиев учурда түрмөдө отурат. Камчыбек Ташиев менен болгон достугуңуз анын бошотулушуна же жоопкерчиликтен качуусуна таасир этеби?», — деген суроосуна төмөнкүдөй жооп берген:

«Жок, андай болбойт. Бийликке келгенден бери мен үчүн «дос», «тууган» же «жакын адам» деген түшүнүктөр жок экенин — мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгы ар дайым биринчи орунда тураарын бир нече жолу айтып келем. Эгерде мыйзам бузулса, эч ким жоопкерчиликтен кутула албайт.

Тергөө Шаирбек Ташиевдин «Кыргызнефтегаз» компаниясындагы коррупциялык схемага катышы бар экенин аныктады, бул мамлекетке 4 миллиард 115 миллион сом өлчөмүндө зыян келтирген. Бул сумма бюджетке толугу менен кайтарылгандан кийин гана аны бошотулушу тууралуу сөз болсо болот. Колдо болгон маалыматтарга ылайык, мурда кармалгандардын баары ага каршы көрсөтмө беришкен жана ал күнөөсүн мойнуна алган. Мыйзам баары үчүн бирдей болушу керек. Буга чейин УКМК жана ИИМ тарабынан кармалгандардын баары зыян үчүн компенсация төлөшкөн — зарыл болсо, ашыкча төлөшкөн. Андан кийин алар бошотулган. Шаирбек Ташиев да ушундай кылышы керек: алгач баарын төлөп, андан кийин гана чыгышы керек».

Количество просмотров: 290