Бүгүн, 3-июнда дагы Бишкек шаарындагы кичи автобус автобустардын айдоочулары иш таштоосун улантышууда.
Эртең менен аялдамаларда коомдук унааларды күтүп тургандар көп. Ошондой эле автобустар менен троллейбустар жүргүнчүлөргө жык толгон.
Жол кирени жогорулатууну талап кылган кичи автобустардын айдоочулары 2-июнда жумушка чыккан эмес.