• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Шаардык депутаттар Бишкек мэрлигине Азиз Суракматовдун талапкерин чыгарды

26 Теке 2018 13:23 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 26.07.2018.Govori.TV

Бишкек шаардык кеңешинин көпчүлүк коалициясы мэрлик кызматка талапкер кылып Азиз Суракматовду тандады. Бул тууралуу Govori.TV. агенттигине депутат Рысбай Аматов билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык кеңешинин көпчүлүк коалициясы жабык жыйын өткөрүп, бир чечимге келишкен. Бирок, 31 июлга чейин абал өзгөрүшү мумкүн, анткени “Республика-Атажурт” фракциясы жана премьер-министр өз квотасы менен пайдаланып өзүлөрүнүн талапкерин чыгарышы толук ыктымал.

Бирок, Бишкек шаардык кеңешиндеги “Республика-Атажурт” фракциясы шаар мэрлигине талапкер алып чыкпайт. Бул тууралуу шаар кеңешинин депутаты, аталган фракциянын өкүлү Канатбек Музуралиев Govori.TVга билдирген эле.

Шаардык кеңештеги көпчүлүк коалицияга КСДП, “Өнүгүү-Прогресс”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Кыргызстан” фракциялары, жалпысынан 33 депутат кирет.

Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 8-август күнү өтөт.

Белгилей кетсек, 13-июлда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. 19-июлда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ибраимовду кызматтан кетирүү токтомуна кол койгон.

Албек Ибраимовго «Дастан» ишканасын жетектеп турган учурда болгон сатып алуулар боюнча кылмыш иши козголуп ал  19-июлда Ибраимов УКМК тарабынан кармалган.

Количество просмотров: 28