• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Шаардык аскер комиссарынын башчысы пара менен кармалды

18 Чын куран 201916:09 Бишкек Govori.TV

Бишкек.18.04.2019.Govori.TV.

2019-жылдын 15-апрелинде Кыргыз Республикасынын УКМК ККК тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Талас шаардык аскер комиссарынын башчысы 1967-г.р.полковник Ж.А. 25 000 (жыйырма беш миң сом) өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан учурунда кармалды.

Такталган боюнча кармалган адам паспортту кайтаруу жана арыздануучуну аскер комиссариятына каттоого коюу үчүн жергиликтүү тургундан 25 000 (жыйырма беш миң сом) өлчөмдөгү акча каражатын талап кылган.

Материалдар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси(опузалап пара талап кылуу) кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки териштирүүнүн негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам УКМКТКЖ убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө жүрүп жатат.


Количество просмотров: 18