• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Шаардык кеңештин депутаттарын шайлоого катышууну көздөгөн алгачкы партия арыз берди

10 Бирдин айы 2021 13:06 Бишкек Govori.TV

Бишкек аймактык комиссиясы шаардык кеңештин депутаттарын шайлоого катышууну көздөгөн партиялардын арыздарын кабыл ала баштады.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 10-февралда «Жашылдар партиясы» биринчилерден болуп арыз берген.

Эске салсак, 11-апрелде БШКга жана башка бир катар жергиликтүү кеңештерге шайлоо болот. Ошол эле күнү Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өтөт.

Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо пропорционалдык система боюнча өткөрүлөт. Талапкерлерди көрсөтүү укугу саясий партияларга таандык.

Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн башталат жана шайлоо күнүнө 40 календардык күн калганда, башкача айтканда, 1-мартта аяктайт.

Количество просмотров: 136