• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Шаардык кеңештин төрагалыгына Жаныбек Абиров дайындалды

20 Аяк оона 2018 11:58 Бишкек Govori.TV
Бишкек.20.09.2018.Govori.TV.
Бүгүн Бишкек шаардык кеңеши коалиция түзүп, төрага шайлоо үчүн кезексиз жыйын өткөрүп жатат. Анда көпчүлүк коалиция төрагалыкка КСДП фракциясынан Жаныбек Абировдун талапкерлигин сунуштап, ал 40 депутаттын колдоосу менен Шаардык кеңештин төрагалыгына дайындалды.
Жаңы тандалган Бишкек шаардык кеңештин төрасы Жаныбек Абиров жөнүндө кыскача маалымат.

Абиров Жаныбек Болотбекович
Улуту: Кыргыз
Туулган жери: Бишкек шаары
Жашы: 29 жашта
Үй бүлөлүк абалы: Үйлөнгөн, үч баланын атасы
Билими: 2006-2011жж Кыргыз-Орус Славян Университети. Багыты: Мыйзамдык Укук
2011-2014жж КРны Президентинин алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясы. Багыты: Мамлекеттик жана жергиликтүү өзү-өзү бакаруудагы менеджмент
Илимий даражасы: Магистратура
Иштөө тажырыйбасы: 2014-жылдан азыркы күнгө чейин «Восход и К» бирикмесинин комерциялык директору
2016-жылдан тарта Бишкек шаардык кеңештин «КСДП» партиясынан депутаты
2017-жылы «Абиров» Коомдук фонддун түзгөн, фонд жаштардын билимин тереңдетүүсүнө жана лидерлик сапатты өркүндөтүүгө багытталган
Сүйлөгөн тилдери: Кыргыз тили (өз тили),  англис тили (эркин), орус тили (эркин), немец тили (словарьдын жардамы менен).
Количество просмотров: 31