Бүгүн, 25-июнда Бишкек шаардык соту Биринчи май райондук сотунун Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Пирматовду камакта калтыруу жөнүндө чечимин күчүндө калтырды.
Шаардык соттун чечими менен Пирматов 31-июлга чейин УКМКнын абагында камакта калтырылды. Пирматовдун жактоочусу шаардык сотко Биринчи май райондук сотунун 2-июндагы чечиминин үстүнөн арызданып кайрылган.
Эске салсак, Исхак Пирматов 31-майда Жазык кодексинин 319-беренесинин (Коррупция) 2-бөлүгүндөгү кылмышка, тактап айтканда Кумтөрдөгү коррупцияга тиешеси бар деген шек менен кармалган.