Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2021-жылдын 31-майындагы токтомуна ылайык, шектелүүчү Исхак Пирматовго карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү 2021-жылдын 31-июль күнүнө чейин тандалды жана ал Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө изоляторуна деп белгиленди. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы кабарлады.
Мурдагы депутат УКМК тарабынан 31-майда кармалган. Ал Кумтөр кениндеги коррупцияга аралашкан деп шектелүүдө.