• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Пирматов тергөө менен келишим түзүп, абактан чыкты

22 Теке 2021 11:30 Бишкек Govori.TV

Экс-депутат Исхак Пирматовдун бөгөт чарасы өзгөртүлүп, эч жакка кетпөө тууралуу тил кат менен камактан чыккан. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы тастыктап, токтом 15-июлда кабыл алынган.

Анткени, азыркы убакта Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын бөлүмүнүн улук прокурору жана шектелуучу И.А.Пирматовдордун ортосунда кызматташуу жөнүндө келишим түзүлгөн”, — деп билдирди басма сөз катчы.

Эске салсак, Исхак Пирматов УКМКда 31-майда сурак бергенден кийин кармалып, эки айга камакка алынган. Атайын кызмат ага Жазык кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып койгон.

“Кумтөр ишине” байланыштуу мурдагы президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиев баштаган бир катар азыркы жана мурдагы аткаминерлерге айып коюлду.

Количество просмотров: 303