• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Исмаилованы жоопко тартуу сунушталды

23 Жалган куран 2021 11:20 Бишкек Govori.TV

Бишкекте №17 Үй-бүлөлүк медицина борборунун башкы дарыгери Гүлнара Ташибекова Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы шаардык саламаттыкты сактоо департаментинин башчысы Бактыгүл Исмаилованын коронавирус пандемиясы учурунда жасаган иштерин сынга алды. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазды.

Гүлнара Ташибекованын айтымында, башкы дарыгер бир нече медкызматкерди COVID-19 ыкчам штабындагы топтон чыгарып жиберген.

«Дагы административдик ресурс колдонгону жатса керек. 5-октябрда дагы ар бир саламаттыкты сактоо кызматкери шайлоого үч адамдан алып келиши керек болчу. Мен анын жазуулары менен скриншотторун сактап койдум. Шайлоонун жыйынтыгы менен макул болбой аянтка чыгып, жаракат алгандардын бардыгы шаардык саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы Бактыгүл Исмаиловадан кенемте талап кылгыла. Анын шаарыбызда баары жакшы, биз даярбыз деген отчеттору кайгылуу жыйынтыктарга алып келди»,-деп жазган ал.

Ошондой эле Ташибекова Бактыгүл Исмаилованын бир тууганы Сагынбек Исмаилов УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын жетектеп турганда кол алдындагылар аркылуу медицина кызматкерлерин коркутканын кошумчалаган.

«Биз коркутуу-үркүтүүлөрдү башыбыздан өткөрдүк. Жашоо бумеранг. УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын жетекчиси митингдер башталганда командасын таштап кеткен, ал кайда? Мени коркутуп болбойт. Чындык эң ачуу болсо дагы мен айттым жана айта берем. Бул Бактыгүл Исмаиловага тиешелүү. Соттук териштирүулөр болот. Шалаакылык кылган жетекчилер жазасын алышы керек ”, — деп жазган Ташибекова.

Количество просмотров: 315