• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Шаардык сот Асылбек Жээнбековду камакта калтырды

11 Баш оона 202110:48 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык соту биринчи инстанциядагы соттун чечимин күчүндө калтырып, Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековдун баш коргоо чарасын өзгөрткөн жок.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ал 30-сентябрга чейин УКМКнын тергөө абагында калтырылды.

Эске салсак, Жээнбеков Кумтөр кенин иштетүүгө байланыштуу коррупциялык иштерди тергөөнүн алкагында 31-майда кармалган. Ушул эле күнү Биринчи май райондук соту аны эки айга камакта калтырган.

Количество просмотров: 258