• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Шаардык сот иликтөөчү журналист Актилек Капаровдун кармалышын мыйзамдуу деп тапты

5 Бирдин айы 2024 11:08 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 5 -февралда Бишкек шаардык соту иликтөөчү журналист Актилек Капаровдун кармалышын мыйзамдуу деп тапты.

Капаров журналисттердин суроолоруна жооп берип, коюлуп жаткан айыптар негизсиз экенин билдирди.

«Иш декабрь айында козголду. Мен аталган редакцияда 2023-жылдын август айынан тарта иштебей калгам. Мен коюлган айыптар менен макул эмесмин», — деди ал.

Эске салсак, 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген 11 журналист жана активист 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакка алынган.

ИИМдин басма сөз кызматы милиция кызматкерлери тарабынан интернет тармагына мониторинг жүргүзүү учурунда «Айт, айт десе» жана «Temirov Live» аталышындагы баракчалардан массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материал жарыялангандыгы тууралуу маалымат алынганын, экспертизанын корутундусунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүмү менен иш козголгонун маалымдаган.

Количество просмотров: 125