• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Шаардык сот: М. Асанакуновдун КПФ төрагасы болуп дайындалуусу мыйзамсыз

25 Чын куран 201917:51 Бишкек Govori.TV

Бишкек.25.04.2019.Govori.TV.

Бүгүн Бишкек шаардык соту Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасы Мирбек Асанакуновдун кызматка дайындалуусун мыйзамсыз деп таап, биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калдырды. Бул тууралуу “Кыргызстан” санаторийинин мурунку директору Венера Маймендиева билдирди.

Анын айтымында, Асанакунов Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагалык кызматынан кетиш керек.

«Албетте, ал шаардык сотунун чечимин кайра карап чыгууну талап кылышы мүмкүн, бирок, кандай болгон күндө да чечим мыйзам чегинде күчүнө кирди. Болбой калды дегенде 30-апрелде бул маселе профсоюздар федерациясынын кеңешинде күн тартибине коюлат»,- дейт Маймендиева

Эске салсак, 2019-жылдын 31-январында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 2018-жылы 16-январда профсоюздар кеңешинин Асанакуновду төрагалыкка дайындоо чечимин жокко чыгарган. Себеби, бул чечимди КПСнын айрым мүчөлөрү уюмдун уставын бузуп жатат, бул кызматка дайындалыш үчүн беш жылдык тажрыйба талап кылынат деп сотко арызданышкан.


Количество просмотров: 15