• Жекшемби 4 Бештин айы 2022
  • Воскресенье 4 Декабрь 2022

Шаардык сот Рита Карасартовага карата чечим чыгарды

11 ноября 2022 в 11:46 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-ноябрда “Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деген шек менен 20-декабрга чейин камалган жарандык активист Рита Карасартованын баш коргоо чарасы каралды.

Бишкек административдик сот райондук соттун күчүндө калтырды.

«Эл тараза,соттун чечими эч кандай мааниге ээ эмес», — деди ал.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 24-25-октябрь күндөрү башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган 20дан ашык саясатчы жана активисттин бөгөт чарасын карап, баарын эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Алар Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде же Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда. Бирөө ден соолугуна байланышуу үй камагына чыгарылган.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүрүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камакка алынган. Алар «Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы» болуп келген.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүп жатат.

Количество просмотров: 791

Бишкектеги 4 райондун атын өзгөртүү сунушуна макулсузбу?

Жыйынтыгын көрүү

Биздин команда