• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Шаардык сот Салянованын бөгөт чарасын карап, аны абакта калтырды

5 Теке 2019 13:24 Бишкек Govori.TV

Бишкек.05.07.2019.Govori.TV.

Бишкек шаардык соту экс-башкы прокурор жана мурдагы депутат Аида Салянованын бөгөт чарасын карап, аны абакта калтырды.

Сотко Салянованын өзү алынып келген жок. Жактоочу аны менен кечээ жолугуп чыкканын, ден соолугу начарлап, дем ала албай калып жатканын белгиледи.

Буга чейин Биринчи май райондук соту Салянованы 26-августка чейин камакта калтырган чечим чыгарган.

Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошоп чыгышына шектүү катары быйыл 3-июнда камакка алынган. Эки күндөн кийин Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 26-июнга чейин Бишкектеги № 1 тергөө абагында камоо тууралуу чечим чыгарган.

15-июнда саламаттыгынан улам ооруканага которулуп, бирок он төрт күндөн кийин кайра тергөө абагына жеткирилген

Количество просмотров: 3