Бишкек шаардык соту 23-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековдун баш коргоо чарасын өзгөрткөн жок.
Ал УКМКнын СИЗОсунда камакта калтырылды.
Жогорку Кеңештин мурдагы спикери, учурдагы депутат УКМК тарабынан 31-майда кармалган. Ал Кумтөр кениндеги коррупцияга тиешеси бар деп шектелип, Биринчи Май райондук соту аны УКМКнын СИЗОсуна отургузган.