• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Шаардык сот Жумабек Турдалиевди камакта калтырды

2 Бирдин айы 2024 15:58 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 2-февралда Бишкек шаардык соту “Темиров LIVE” редакциясынын мурдагы кызматкери Жумабек Турдалиевди камакта калтыруу чечимин чыгарып, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Соттун чечимине ылайык, ал 2 айга камакта калтырылды.

Жактоочу Жаныш Бараковдун судья Нурлан Кожомбердиевге ишенбөөчүк көрсөтүү тууралуу өтүнүчү канааттандырылган жок.

Эске салсак, 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген 11 журналист жана активист 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакка алынган.

ИИМдин басма сөз кызматы милиция кызматкерлери тарабынан интернет тармагына мониторинг жүргүзүү учурунда «Айт, айт десе» жана «Temirov Live» аталышындагы баракчалардан массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материал жарыялангандыгы тууралуу маалымат алынганын, экспертизанын корутундусунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүмү менен иш козголгонун маалымдаган.

Количество просмотров: 140