11-августта Бишкек шаардык сотунда отурум өтүп, анда бир нече кылмыш иштери боюнча биринчи инстанциянын өкүмүнө карата апелляциялык арыз каралып башталды. Анда негизги фигурант мурдагы президент Алмазбек Атамбаев.
Процесс судья Лейла Байдаеванын төрагалыгы астында өтүүдө.
Буга чейин сот бул иштердин материалдарын бир өндүрүшкө бириктирген. Ага «Дастан» ТНКны мыйзамсыз сатуу, жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп берүү, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча айыптоолор, ошондой эле 7-8-Август 2019-жылы Кой-Таш айылындагы окуялар кирет.
3-июнда Биринчи май райондук соту өкүмдү жарыялаган: Атамбаев мүлкүн конфискациялоо жана мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу менен 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Анын бир катар жактоочулары да түрмө жазасын алышкан.
Бүгүн Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовдун жана КР ЖКнын мурдагы депутаттары Равшан Жеенбеков менен Ирина Карамушкинанын кызыкчылыктарын коргогон адвокат Аскар Алымкулов камакта кармоо менен байланышпаган баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча оозеки өтүнүч билдирген.
Кеңешме бөлмөсүнөн чыгып, соттук коллегия үч адамды камакка алуудан баш тартуу чечимин кабыл алды.