• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Сот Султанбековду абакта калтырды

29 Үчтүн айы 202513:12 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык соту 29-январда Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун жана партия мүчөлөрү Ирина Карамушкина менен Роза Түрксевердин бөгөт чарасы боюнча апелляциялык арызды карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Эске салсак, 9-январда Бишкектин Свердлов райондук соту аларды 13-февралга чейин камакта калтырган.

Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер 2024-жылдын 13-ноябрынан бери камакта.

Султанбеков 13-ноябрда милиция кызматкерлери кармаган күндөн тартып саясий ачкачылык жарыялаганын билдирип, ал ушул тапка чейин улантып келет. Жакындары ал чектелген өлчөмдө суу жана шире гана ичип жатканын, саламаттыгы начарлаганын айтып, бийлик башындагылардан аны бошотууну сурашкан.

Количество просмотров: 381