Бүгүн, 23-июнда Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаровдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча жактоочунун өтүнүчүн карап, аны камакта калтыруу чечимин кабыл алды.
Зулпукаровдун жактоочусу Таалайгүл Токтакунова соттон Зулпукаровду башка жакка чыгып кетпөө тил катынын негизинде үй камагына чыгарууну өтүнгөн.
Эске салсак, 31-май күнү Төрөбай Зулпукаров «Кумтөр» боюнча камакка алынган.