Индиянын Одиша штатында поезд кырсыгынан каза болгондордун саны 300гө чукулдады. Бул чет элдик басылмалар жазды.
Маалым болгондой, эки поезд 2-июнь күнү Баласор шаарына жакын жерде кырсыкка кабылган. Анда Калькуттадан Ченнайга бараткан жүргүнчү поездинин 10-12 вагону жүк ташуучу поезд менен кагылышып, рельстен чыгып, карама-каршы рельске кулап түшкөн.
Бир канча убакыт өткөндөн кийин дагы бир жүргүнчү поезди аларды сүзүп, анын кесепетинен ичинде кишилер бар дагы үч-төрт вагон рельстен чыгып кеткен.
Буга чейин Indian Express 233 адам өлүп, 900 адам жарадар болгонун жазган.