• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

«Шаардын кебетесин карагылачы кир, сасык». Түлөбаев мэриянын ишин сындады

20 Тогуздун айы 2022 12:15 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 20-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев Бишкек шаардык мэриясынын ишин сындады.

Депутаттын айтымында, калаада алгылыктуу иштер жасалбай жатат.

“Шаардын кебетесин карагылачы кир, сасык. Айтпай эле коеюн дегем. Калаа бийлиги иштейби же иштебейби? Тазалык ишканасы такыр иштебей калды. Мурун курулган парктар гана азыр ачылып жатат. Абанын булганышы боюнча эч кандай иштер жүргөн жок. Мурда пландалып, даярдалган иштерди уланта берсе болот да, жаңы нерсе издебей. Иштеш керек”, — деди депутат.

Белгилей кетсек, Балбак Түлөбаев Бишкек мэринин милдетин аткаруучу болуп 2020-жылдын 27-октябрында дайындалып, 2021-жылдын 8-февралында кызматтан кетекн.

Количество просмотров: 333